super.kg logo

Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар борборунун кызматкери баңгизат үчүн 16 жылга кесилди

 

Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертизалар борборунун эксперти Николай Иксанов баңгизат үчүн 16 жылга кесилди. Бул тууралуу 13-январда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11-январда 1980-жылы туулган Николай Иксановдун ишин карады.

Айыпталуучу Н.Иксанов 2004-жылдан тартып тергөө органдары жана соттордон түшкөн маңзаттарды изилдеп келген. 2015-жылдын 17-июнунда саат 19:00 чамасында Токтогул көчөсү жана Эркиндик бульварынын кесилишкен жеринде укук коргоо органдары тарабынан Н.Максүтов аттуу жаран маңзат менен колго түшкөн. Ал баңгизатын 7 миң сомго Н.Иксановдон сатып алгандыгын айткан. Ошол эле күнү саат 19:30 чамасында Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү тергөө иштеринин алкагында Н.Иксановдон 7 миң сомго баңгизатын сатып алышкан.

19-июнда Н.Иксановдун кызматтык бөлмөсүн тинтүү учурунда 307 грамм маңзат табылган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту "баңгизатын мыйзамсыз сактоо, сатуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде Н.Иксановду күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 16 жылга эркинен ажыратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.01.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура чечим кабыл алыпсынар.
13.01.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
16жылга жетпесе керек олуп калат же жакшы кулку учун деп чыгарып жиберишет
Gulya21 түзөттү 2016-01-13 20:18:58
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: