Иса Өмүркулов: "Бюджеттен бөлүнгөн акчага шаарда олуттуу иштерди бүтүрүүгө болбойт"
Республикалык бюджеттен капиталдык салымга бөлүнгөн 2,4 миллиард сомдон Бишкек шаарына 200 миллион сом гана берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек шаарынын бюджеттик угуусу учурунда мэр Иса Өмүркулов билдирди. Анын айтымында, каражаттын тартыштыгынан инфраструктура жана коммуникация тармагындагы маселелерди чечүүгө каражат жетишпейт. “2011-жылы капиталдык салымдан Бишкекке 348 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми 2012-жылы 352 миллион сом бөлүнгөн. Бул акчага олуттуу иштерди бүтүрүүгө болбойт”, - деди мэр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















