Түркияда полициянын имаратынын алдында жардыруу болду
Түркиянын түштүк-чыгышындагы шаарда теракт болгонун 14-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, полиция бөлүмүнүн имаратынын алдында автоунаа жардырылган. Андан соң согушкерлер имарат тарапка ок атышкан.
Жардыруудан улам айланадагы курулуштар зыянга учурады. Окуя болгон жерге күч түзүмдөрү, өрт өчүрүүчүлөр, "Тез жардам" кызматы келди. Расмийлер террордук актка Күрд жумушчулар партиясы күнөөлүү экенин айтып чыгышты. Акыркы маалыматтарга таянсак, 5 адам каза таап, 36 адам жаракат алды. Каза болгондордун арасында бир аял жана жаш бала бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
Рейтинг:
0

Кыргыз мигранттарын (Пленге тушкон фащисттердей кылып) колдоруну моюндарына байлап, дубалга тескери каратып, кордогондоруну унутуп жатасынарбы? Эмнеге мынчалык жакшы коросунор баскын орустарды? Путиндин Кр учун жасаган пайдалуу ишинен бир факт келтирчи???
Рф фащисттик кылып олтуруп, экономикасы баткактагы нефтисине кошулайын деп калды. Батырак рф кыйраса жакшы болмок, кыргыздар рф га кор болбой, тил уйронуп, европа, акш ларга кетмек, рф да убакыт откорбой