ИИМ: "Кадыр Маликовду өлтүрүүгө аракет кылгандар жакын арада кыргыз жерине алынып келинип, жоопко тартылышат"



"Кадыр Маликовду өлтүрүүгө аракет кылгандар жакын арада кыргыз жерине алынып келинип, жоопко тартылышат". Бул тууралуу бүгүн, 14-январда маалымат жыйынында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Ботобаев билдирди.
"Аталган кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөндөрү аныкталган, Түркиянын аймагында кармалган. Учурда Түркия бийлиги менен кылмышкерлерди өлкөбүзгө алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө",- деди А.Ботобаев.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын 26-ноябрында Бишкектин Асанбай кичи районунда дин маселелери боюнча адис Кадыр Маликовго кол салуу болуп, аны бычактап кетишкен. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.