super.kg logo

"Унаа сатып алгандагы карызын төлөтүү үчүн Бишкектин тургунун сабап салган" деп 3 адам кармалды

 

"Бишкек шаарынын 25 жаштагы тургунун сабап, акча талап кылган" деген шек менен кылмыштуу топ кармалды. Алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экендигин 14-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 29-декабрында саат 16:00 чамасында белгисиз адамдар А.Т. аттуу жаранды күч колдонуу менен мамлекеттик номуру жок Субару Импреза унаасына салып Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылына алып келишкен.

Белгилүү болгондой, кылмышка шектүүлөрдүн биринен өткөн жылдын август айында А.Т. аттуу жаран Гольф-3 унаасын сатып алган. Унаа сатып алгандан калган 25 миң сом карызды төлөөнү талап кылышып, аны 3 сааттай кармашкан. 17 миң сом алган соң коё беришкен.

Факт боюнча "мыйзамсыз эркинен ажыратуу", "опузалоо" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Чүй облусунун жашоочулары: 29 жаштагы Алмазбек Базарбаев (буга чейин уурулук, карактоо, маңзат сактоо боюнча бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү), 25 жаштагы Айбек Бакбаев (буга чейин "бейбаштык" беренеси боюнча соттолгон) жана 32 жаштагы Марат Бакбаев кармалды.
Кылмышка шектүүлөрдөн жабыркаган жарандар (0555) 03-36-86 номуру аркылуу укук коргоо органдарына билдиришсе болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
14.01.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Карыз болсо толош керек да. Бир жыл болсо да толобой жургону аз келгенсип дагы арызданганын. Акчасы бар экен (17000берген турбайбы!) ошону чуркатпай толоп коюш керек болчу да.
14.01.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Машинасын саткан киши да улам сурай берип тажагандан, "черныйларга" акчамды алып бер деген болуш керек.
Акчасы жок болсо машинасыз эле тынч оокатын кылбайбы.
14.01.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карызы болсо толобойбу,бербей убара кылганда ошондой жол менен ондурууну ойлоштуда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: