super.kg logo

Нарында эки унаанын кагылышында 1 адам каза болуп, 8 адам жаракат алды

 

Нарын облусунун Кочкор районундагы Сары-Булак - Ак-Кыя жолунун 14-чакырымында Ауди-100 жана Ауди-С4 унаалары кагылышкан. Натыйжада 1 адам каза болуп, 8 адам жаракат алды. Бул тууралуу 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ауди-100 унаасынын айдоочусу Боту Абдраевдин согончогу сынган. Унаанын ичинде 5 жүргүнчү болгон.

Алар:

1. 1959-жылы туулган Бейшеке Асыркулов башынан жаракат алган;

2. 1952-жылы туулган Зарипжан Өмүралиев жеңил жаракат алган;

3. 2002-жылы туулган Шайыркүл Бейшекованын мээси чайкалган;

4. 1953-жылы туулган Эсенбек Кыстырбаевдин чекеси айрылган;

5. 1962-жылы туулган С.Бектурова жеңил жаракат алган.

Ауди-С4 үлгүсүндөгү унаанын ээси, 1987-жылы туулган М.Мукамбетов жеңил жаракат алган. Унаанын ичинде 3 жүргүнчү болгон. 2 адам жаракат алып, "Тез жардам" аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген. 1958-жылы туулган Нарынбек Кыргызбаев каза болгон. Куткаруучулар автоунаадагы адамдарды чыгарып, каза болгон адамды, оор жаракат алгандарды "Тез жардамга" өткөрүп беришкен жана жеңил жаракат алган адамдарга биринчи жардам көрсөтүп, Кочкор райондук ооруканасына жеткиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.01.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаратканым кутулбогон кырсыктан озун сакта
14.01.2016. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ ушу таштак жолдо да абайлап айдашса боло
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: