Бишкекте 7 күндүк ымыркайды ата-энеси жолго таштап салып, кайра алып кетти
13-январь күнү саат 16:33 чамасында "Тез жардам" кызматына Бишкектеги Жаш Гвардия бульварына белгисиз бирөөлөр жуурканга (одеяло) оролгон 7 күндүк ымыркайын таштап кетишкени кабарланган. "Тез жардам" кызматы барган учурда ымыркайдын ата-энеси келип, аны алып кеткенин аталган кызматтан 14-январда билдиришти.
Суукта жуурканга оролуп орундуктун үстүнө калтырылган баланын ден соолугуна зыян келген эмес. "Ымыркайдын ден соолугу жакшы болгондуктан, ата-энеси баланы ооруканага жаткыруудан баш тартып, андан кийин үйүнө алып кетти",- деди дарыгер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Жогоруда катачылык кетиптир караштырып койгула...
Маалымат такталган.