super.kg logo
  Саясат  

Жаныбарларды ташууда мыйзам бузгандарга айып пул 10 000 сомго чейин көтөрүлүүдө

 

Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Демилгечилер учурда иштеп жаткан Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук тармагындагы мыйзам бузууларга толук таасир эте албай калганын, анткени айып пулдардын көлөмү өтө эле төмөн экенин айтышты. Мыйзам талаптарын сактоого караганда айып төлөө жеңил болуп жатканы белгиленди. Мисалы, жаныбарларды жана алардан алынган азыктарды ташуудагы ветеринардык-санитардык нормалар бузулган учурда айыптын көлөмү жарандарга 100 сом, кызмат адамдарына 500 сом.

Демилге аркылуу айып пулдардын өлчөмүн 2000 сомдон 10 000 сомго чейин көтөрүү сунушталууда. Муну менен жарандардын жоопкерчилиги күчөйт деген пикирде демилгенин авторлору.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: