super.kg logo

Өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги уюштурган дил баян сынагында уткан окуучулар Малайзияга сапар тартышты

 
Дил баян сынагында жеңип чыккан 9 окуучу. Өлкөнүн бардык бурчунан келген бул окуучулар 1 аптадан кийин дос болуп кайтып келишет.
Малайзиядагы мекендештерибизге өнөр тартуулай турган чыгармачыл топ.
Өмүрүндө биринчи жолу чет өлкөгө чыгып жаткан окуучуларды узатып келгендер көп болду.
Өмүрүндө биринчи жолу чет өлкөгө чыгып жаткан окуучуларды узатып келгендер көп болду.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын жеңүүчүлөрү, маданият өкүлдөрү жана журналисттер бүгүн, 14-январда Малайзияга сапар тартышты. Алар Куала-Лумпур шаарына Ташкент шаары аркылуу барышмакчы.

Жоон топ 4 маданият өкүлүнөн, сынакта жеңип чыккан 9 окуучудан жана сынакты уюштурууда өнөктөш болгон 9 жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турат. Ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов коштогон топ 21-январга чейин аталган өлкөдө болушат. Анда Малайзиянын мектептеринин бирине баруу, ЖМКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.

Кошумчалай кетсек, сынактын катышуучулары "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баян жазып, уюштуруучуларга жөнөтүшкөн. Жеңиш ээлери 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан. Алардын дил баяндарын бул жерден окусаңыз болот...

* Талас облусу боюнча жеңүүчү аталган Нурэл Абасканов Малайзиядагы экзотикалык жаныбарларды көргөнгө ашыгып жатканын айтты. "Мен дил баянда кыргыз жери менен Малайзиянын окшоштуктарына токтолгом. Биз сыяктуу эле алар дагы 31-августта Эгемендүүлүк күнүн белгилешет. Бул өлкө тууралуу маалыматым бар, көргөнгө кызыгып жатам",- деди 6-класстын окуучусу.

Малайзияга сапар алдында Санжар Мыкыев буларга токтолду: "Окуучулардан жана чыгармачыл инсандардан турган мыкты топ баратабыз. Уюштуруучу топко ыраазычылык билдирем. Жакшы эс алуу күтүп турат деп ишенем". Ал эми сөзүн "дил баян жазып өтүп кеттим" деген тамаша менен баштаган Азамат Исмаилов буга чейин Малайзияга барганга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, бирок үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу бара албай калганын айтты. "Элчилик өлкөнүн келечеги болгон жаш муунду Малайзияга алып баратканы кубандырат",- деди ал.






Дил баян сынагында уткан окуучулар Малайзияга жөнөп кетишти

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(33)
14.01.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жыргашыптыр го
14.01.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баарынарга ак жол жакшы эс алып келгиле
14.01.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эс алып келгиле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: