super.kg logo

Окуучулар үчүн каникул учурунда кызыктуу иш-чаралар уюштурулууда

 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги өлкөбүздүн мектеп окуучулары үчүн кышкы каникул маалында иш-чараларды өткөрүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун окуучулары музейлерге барып, шахмат боюнча мелдештерге катышып жатышат. Ошондой эле сүрөттөр, дубал гезиттери боюнча жана "Кышкы пейзаж" темасында сынактар уюштурулуп, ата-энелер үчүн тарбия жагынан консультациялар болууда. Чүй облусунда кышкы оюндар боюнча "Атам, апам, мен - спорт сүйүүчүлөр үй-бүлөсү" аттуу сынак өткөрүлдү. Ош шаары менен Ош облусунда мектеп жана мектепке чейинки балдар шаар боюнча экскурсияларга, китепканаларга, билим берүү борборлоруна, "Чыйырчык" лыжа базасына барышууда. Ошондой эле көркөм адабият сүйүүчүлөрүнүн жолугушуусу да уюштурулуп жатат.

Ысык-Көл облусунда интеллектуалдык сынактар, футбол, волейбол жана баскетбол боюнча окуучулар арасында мелдештер өткөрүлүүдө. Жалал-Абад жана Нарын облустарында да бир катар иш-чаралар пландаштырылган: мугалимдер үчүн физика жана кыргыз тили боюнча курстар, райондук олимпиадаларды өткөрүү, балдардын сүрөттөрүнүн көргөзмөсү, шахмат оюндары. Талас жана Баткен облустарында кийизден жасалган куурчактардын көргөзмөсү, музейлерге экскурсиялар, көркөм-музыкалык кечелер, 6-19-январь аралыгында өтүүчү концерттер уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.01.2016. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamattar dese dagy kop kop uiushtursanar sonun bolmok ushundai ish charalardy
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: