super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы "2015-жыл татаал болду, бирок өнүгө баштадык" дейт

 

2015-жыл татаал болгонуна карабай өкмөт экономиканы өнүктүрүүнүн пайдубалын түптөй алды. Муну премьер-министр Темир Сариев 14-январда Инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

“Биз кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык рычагдарды колдондук. Ички дүң продукциянын реалдуу өсүшү 3,5 пайызды түздү, биз 3,1 пайыз деп божомолдогонбуз. Инфляциянын деңгээли 3,4 пайызды түздү, былтыр 10,5 пайыз болгон. Өкмөт макроэкономикалык кырдаалды кармай алды, азык-түлүктүн негизги түрлөрүнүн бааларын кымбаттатпай кармап турду”,- деди Сариев.

Жыйында 894 823 долларга Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл аймактык ооруканасын реконструкциялоо долбоору да каралды. Туристтик сезонго чейин оорукананы жаңылоо маанилүү экенин, долбоордун арты менен оорукана жаңы жабдуулар менен камсыздалып, дарыгерлер алгачкы медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышары айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: