Өздөрүн "патриот" деп эсептегендер дагы бир кыргыз кызын сабаганы интернетке тарады
Өздөрүн "патриот" деп эсептегендер Орусияда дагы бир кыргыз кызын ур-тепкиге алганы тууралуу видео интернетке тарады. Видеодо кыргыз жигиттери кыздын башына тээп, андан кийин чачынан кармап башын көтөрүп, канча тажик менен интимдик катнашта болгонун сурашкан. Кыз тажиктер менен эч кандай интимдик катнашта болбогонун айтууда. Балдардын бири видеого тартып жатып "кыргыздарды курутат" десе, экинчиси "мындан кийин сезип жүргүн" деп эскертүүдө. Видео кыш мезгилинде тартылган.
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы 15-январда SUPER.KG'ге видео тууралуу тактоо иштери жүргүзүлө турганын билдирди. "Бул видео кайсы учурда жана кайдан тартылганы белгисиз. Кылмыштарды иликтөө башкы башкармалыгына видеону көрсөтүп, тактоо жүргүзүү керек. Негизи эле мындай видеолорду тактоо кыйынчылык жаратууда",- деди маалымат кызматынын өкүлү.
Орусияда өздөрүн "патриот" деп санагандар дагы бир кыргыз кызын ур-токмокко алышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

Билимсиздик!!!Акмакчылык!!!
Бул жол менен эч качан тарбия болбойт!!!
Бул негизи мамлекеттин алсыздыгы!!!
Түшүнбөстүктөрдү жараткан билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат!
кыргыздын кыздары башка улут менен
Журсундеп укук коргош керекпи?
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.