super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк банктын өкүлү "алдыдагы 3 жыл дүйнөлүк экономика үчүн абдан татаал жылдардан болот" деди

 

"Олуттуу реформаларга барууну чечкен өлкөлөр ийгиликке жетишет",- деди өкмөт башчы Темир Сариев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Сарож Кумар Жанын кызматтык миссиясы аякташына байланыштуу жолугушууда.

"Биз биргелешкен активдүү кызматташуунун аркасында бир катар маанилүү программаларды ишке ашырууга мүмкүндүк болгондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышууда, айрым позициялар боюнча алдынкы катарда турат. Акыркы жылдары бир катар реформаларды ишке ашыра алдык",- деп билдирди Сариев.

Сарож Кумар Жа кыргыз өлкөсүндөгү өзгөрүүлөрдү белгилеп: "2016-жыл жана келерки эки жыл дүйнөлүк экономика үчүн абдан татаал жылдардан болот, анын кесепети Борбор Азия өлкөлөрүнө да тиет. Ошентсе да өткөн жылы кыргыз өкмөтү экономикалык татаал абалдан кыйгап өтө алды. Мурунку жылдарга салыштырмалуу көптөгөн өзгөрүүлөрдү жасоого мүмкүндүк болду",- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: