"Жер тилкеси боюнча жасалма актыларды түзүп ири суммага сатып, алдап кеткен" деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды

Чүй ОИИББинин 5-Башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип Бишкек шаарынын жашоочусу, 1957-жылы туулган Бурапия Байтемирова кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 15-январда билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү Аламүдүн районундагы жер тилкелери боюнча мамлекеттик актыларды жасап, аны эки адамга саткан. 2 280 000 сомго сатып изин жашыргандан кийин жердин документтери жасалмаланганы, ал жер тилкеси айыл чарба багытында экендиги белгилүү болгон.
Ага карата "алдамчылык", "документтерди жасалмалоо" беренелери менен кылмыш иши козголду. Кармалган аялдан 10дон ашуун адам жабыркашы мүмкүн экендиги болжолдонууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
Рейтинг:
0

Саламатсыздарбы!
Бул кабар Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматы боюнча жазылган.