super.kg logo

Жылнаама, 16-январь: Мындан 3 жыл мурун "Дед Хасан" лакап аты менен белгилүү орусиялык "кримавторитет" Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн

 

* Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы америкалык белгилүү мушкер, жарым орто салмакта Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Рой Жонс АКШнын Флорида штатындагы Пенсакола шаарында туулган. Ройдун профессионалдык бокс боюнча дебюту өзү төрөлгөн Пенсакола шаарында өткөн. 1989-жылдын 6-майында Рикки Рэндол менен орто салмак боюнча беттешип, аягы Ройдун жеңиши менен аяктаган.

* Мындан 47 жыл мурун, 1969-жылы бразилиялык актриса Даниела Эскобар Бразилияда төрөлгөн. Ал "Клон" сериалындагы Маизанын образы аркылуу дүйнөгө таанылган. 16 жашында Даниела журналистика факультетине тапшырат. Бир жылдан кийин театр, балет, музыка жагына которулуп кетип, төрт жылдан кийин аяктаган. Ошол жылдан тартып театрда, кинодо өз ордун таап, теле жаатында иштеп баштаган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы "Дед Хасан" деген лакап аты менен белгилүү орусиялык "кримавторитет" Аслан Усоян атылып өлтүрүлгөн.
Аслан Усоян улуту боюнча күрд, 1937-жылы Тбилисиде төрөлгөн. 1967-жылы Грузиянын түрмөлөрүндө "мыйзамдагы ууру" деген наам алган. 1980-жылдары Орусиянын түштүгүн көзөмөлдөй баштаган. 1998-жылы Аслан Усоян өзбек криминалдык лидери Жора Ташкенскийге "мыйзамдагы ууру" наамын берген. 2009-жылы Аслан Усоян Кавказ уюшкан кылмыш топторунун лидери болуп жарыяланган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) президенти Хосе Сулайман Лос-Анжелестеги бейтапканалардын биринде 83 жаш курагында көз жумган. Маркумдун уулу Сулайман Маурисионун айтымында, Хосе Сулайман көпкө созулган жүрөк оорусунун жыйынтыгында каза болгон. “Бокстун атасы” деген атка конгон Сулайман 1931-жылы Мексикада төрөлгөн. 16 жашында профессионалдык бокс чөйрөсүнө аралашкан “бокстун атасы” 1975-жылы аталган кеңештин президенти болуп шайланып, өмүрүнүн аягына чейин ушул кызматты аркалап келген. Анын ысымы 2007-жылы бокстун “Эл аралык атак-даңк сарайына” киргизилген.

16-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
15.01.2016. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дед хасанды жазбай эле койбопсунар.
16.01.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
eduardali,Дед Хасанды жазганы жакшы болду,балдарыбыз Дед Хасандай болсо жакшы да,бутундой олкону башкарып турмак.Батукаев да кетип калган кумир тутуп жургонго балдарыбыздын.Батукаев жонундо кенен жазсанар.
16.01.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai3,Тентексинго,акылын жайындабы?
15.01.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
16-январь менин туулган кунум
16.01.2016. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
elmurat.kg,Туулган күнүн менен! Анда
19.01.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov,брат чон рахмат!
16.01.2016. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан 31 жыл мурун Кыргыздын чыгаан атуулу ЖК тин 3 жолку депутаты, Кыргыз элин тайгак, ылай жолдордон сууруп чыккан Мен Туулганмын. А бул ник келинчегимдики.
17.01.2016. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zoichka, өзүңду ашыра мактап жиберипсиңго ылайдан тартып чыккам деп . Депутаттардын жакшы иш көрсөткөнүн көрө элекмин али. Бизде элди ойлогон депутат жок жалаң жеп жутарлар.
17.01.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gitaris93,тамашалап жазып атпайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: