super.kg logo

Жылнаама, 18-январь: Мындан 3 жыл мурун Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" аталып жүргөн Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен

 

* Мындан 30 жыл мурун, 1986-жылы "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынан кийин атагы чыккан таланттуу актёр Бектемир Мамаюсупов Бишкек шаарында төрөлгөн. Борбордогу №66-мектепте 7-класска чейин окуп, түрк лицейине тапшырган. Окууну бүткөндөн кийин И.Раззаков атындагы Техникалык университетте 3-курска чейин окуп, ОшТУга которулат. Ал аралыкта окуудан академиялык тыныгуу алып, бир жылга Кытайга кетет. Дал ушул Кытай жергесинде анын актёрдук шыгы ойгоно баштаган. 2011-жылы АКШны көздөй жол тартып, ал жактан көп кыйынчылыктарга туш болот. Америкада жүргөндө "Салам, Нью-Йорк!" фильмине кастинг жарыяланганын угуп, кол телефонуна чакан видеосун тартып жөнөтүп жиберип, видеодобуш аркылуу өтүп кеткен. Мына ошол тасмада Баатыр аттуу жигиттин ролун мыкты жаратканы үчүн 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Жылдын супер актёру" деп табылган.

* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы саат 17:00 чамасында Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын "смотрящийи" аталып жүргөн 29 жаштагы Урмат Садабаевди өз үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Маркум шаардын "смотрящийи" жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Кара-Балта ШИИБинин каттоосунда турган.
Укук коргоо кызматкерлери окуя болгон жерден Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган 2 ок табышкан. Алдын ала иликтөөлөргө караганда, У.Садабаевди кылмышкерлер үйүнө келе жаткан учурда атышкан.

* Мындан 134 жыл мурун, 1882-жылы “Винни-Пухтун” автору, англиялык жазуучу Алан Александр Милн Лондондун Килбёрн районунда туулган.
Биринчи дүйнөлүк согушка катышкан. Согуштан кийин көптөгөн жылдар бою англиялык "Панч" юмордук журналында иштеген.
Винни-Пух тууралуу окуяларды өзүнүн уулу Кристофер Робин Милн үчүн ойлоп таап жаза баштайт. Винни тууралуу чыгармасына чейин Алан Александр Милн атагы алыска тараган драматург болгон. Бирок Винни-Пух тууралуу китеби жарык көргөндөн кийин анын атагы мурункудан да өскөн.

* Мындан 61 жыл мурун, 1955-жылы америкалык киноактёр, “Жан сакчы” аттуу тасмадагы ролу менен белгилүү болгон Кевин Костнер АКШнын Калифорния штатындагы Линвуд шаарында туулган.
Кевин Костнер актёр гана эмес, продюсер, режиссёр жана музыкант дагы. Ал эки жолку "Алтын глобус" (1991, 2013), "Эмми" (2012) сыйлыктарынын ээси. Ошондой эле 1991-жылы "Мыкты тасма" жана "Мыкты режиссёрлук иш" номинациялары боюнча эки "Оскарга" ээ болгон.

18-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(7)
17.01.2016. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Рамаатылык Кипиш мыкты жигит эле !
19.01.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bostery,Кипиш де, кудай берген аты жокпу? Табаа эмес тобоо
17.01.2016. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кылмышкерлерди данктап, мактап, ушинтип эскерип жатып, жаш балдарга терс тарбия берип жатпайбызбы? Алар да ушундай ММКлардан эскерилчуу, таанымал адам болгусу келип журбосун...
17.01.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
AnarRazakovich, сизге кошулам. Бул боюнча мен да бир канча жолу пикиримди калтырдым эле...
17.01.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мэри,мен дагы кечээки жылнааманы окуп,тооба,эскергени башка адам калбаптырда деп койдум эле,бугункусу андан бетерго.
18.01.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ММК ларга чейин криминалдарды даназалай берип жаштардын ар бир экинчиси зонанын создорун аралаштырып суйлоп, криминалды бир элдик баатырлардай оозун толтуруп, суктана кеп кылышчу болду.Турмодон качкан 9 кылмышкерди кундо тигини атты, мунусу турмодо олду деп кундо какшай берип копчулук даже ошолордун таламын талаша да баштаган эле кийин. Криминалды даназа кылганды токтушпайбы дейт элем мен да
19.01.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Базары коп жерде базарком башчы болот имиш... Смотрящий олду деген да эскеруубу. Алар олот да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: