super.kg logo

Дил баян сынагынан уткан окуучулар Лангкави аралынан кеткиси келбей жатканын айтышууда

 

Малайзиянын Лангкави аралында эс алышкан окуучулар бүгүн, 18-январда Куала-Лумпурга учушат. Дил баян сынагынан утуп жеңүүчү болгон окуучуларды коштоп жүргөн ММК өкүлдөрү кабарлагандай, балдардын маанайы сонун, жыргап жүрүшөт. Аралда ойноп-күлүп, көптөгөн кызыктарга күбө болушту.

Элназар Лангкавиден кеткиси келбей жатканын айтууда.

Мээрим: "Малай элинин маанайы, мүнөзү жакты. Улуу-кичүүгө жылмайып турушат экен",- дейт.

Зыягүл музейлерге баргысы келип жатканын билдирди.

Окуучулар Бишкектен 14-январда кечинде учуп кетишкен. Алар менен бирге 9 аймактан 9 жеңүүчүнү аныктаган ММКлардын өкүлдөрү, ырчылар Айыма Айылчиева, Омар, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев жана Азамат Исмаилов да барышты.
Делегация Малайзияда 21-январга чейин болушат. Анда Малайзиянын алдынкы мектептеринин бирине баруу, ММКнын өкүлдөрү жана аталган өлкөдөгү кыргыз жарандары менен жолугушуу пландалган. Мекендештер менен жолугушууда өнөр ээлери аларга ыр-күлкү сунушмакчы.

Лангкавидеги эс алуудан көз ирмем...

Малайзияга окуучулар менен бирге маданият өкүлдөрү да барышкан. Алар аталган өлкөдөгү мекендештерге ыр-күлкү тартуулашат.

Эскерте кетсек, 2015-жылы өлкөнүн Малайзиядагы элчилиги кыргыз жериндеги окуучулар арасында "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баяндар сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр жаңы жыл алдында 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу),Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан.


кошулду





Дил баян сынагынан уткан окуучулар Малайзияда эс алышууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(21)
18.01.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Омарда дил баян жазыптырбы
18.01.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
bek040295,Сонун суроо? Бир кулуп алдым,суротторду эле карабай жазууларды да окуп койсон тушунуп аласын....))))
18.01.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кеткиси келбейт да анан
18.01.2016. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
мобул кызыл футболкачанды эмне кошуп койдунар?ушул жетишпей жатты эле.
18.01.2016. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ооба, фасоль боюнча толук бир дил баян жазды го, заслужил. тамаша. ал жактагы кыргыздарга ырдап берейин деп барды. кучтуу ырчы го
18.01.2016. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Соонун кылып эс алып журушот,окуучулар атасы корбогон жерлерди коруп,ар бир региондон жаны дос таап,эгер мурун тундук-туштук болуп болунуп жаткан болсо бир азга болсода ойлору озгоруп.Жада калса кумир тутуп,экрандангана коруп жургон ырчылар менен бирге басып,бирге журуп.Кыскасы булар учун эч качан унутулгус келечекте балдарына,неберелерине да "мен ушинтип окуучу кезимде"-деп,айтып бере турган окуя болуп жатат десем жанылыштык болбойтго.Жаштар силерге жомоктогудай эс алуу каалаймын))))
18.01.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеткиси келбесе кала берсин ар бир кыргыз озу билет кайжерде жашашты.
18.01.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кандай сонун ))))бактылуу балдар экен, азамат, созсуз турдо бул балдардын келечегине, жашоосуна жакшы бурулуш болот деп ишенем, мен да аябай баргым келип отурам)))))))
18.01.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар бир баланын дил баянын окуп озунчо бир эргуу алган элем, эми эс алып жургонун коруп бактылуу болуп жатам:-))))онугуп-ос Кыргызстаным!!
18.01.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balzak, Чет өлкөгө сапарга барган балдарга кандай болгон күндө да ийгилик каалаймын! Ынтымакта жакшы эс алып келгиле, айрыкча билим жаатында өзүн-өзү өркүндөтүүгө аракет кылгыла! мындай эс алуу биздин менталитетке жана мусулманчылыкка туура кебейт!
18.01.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар англис тилин жакшы сүйлөйт ал аларды баштап кетсе керек
18.01.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
soonungo jyrgaap juruwot suuga tuwup yssyk waarda
18.01.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мусулмандарга кыз эркеги аралаш эле сууга түшүүгө тыйуу салынган. Анан айтабыз биз мусулманбыз деп, мусулманчылыктын эрежелерин аткарбасак кантип мусулман болобуз? Бул бир! Экинчиден ал жакка барган ырчы чоорчуларды ким тандады? же элчи мырза өзүнө жаккандарды алып кеттиби? Үчүнчүдөн алар кимдин каржылоосу менен ал жакка барышты? Төртүнчүдөн Жыйырмадан ашуун кишиге 40 000 миң доллардай акча каражаты керек, эмне үчүн ошол акчаны КР де жергиликтүү туризмге пайдалуу болсун үчүн жумшаган жоксуңар?
19.01.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
STAN_KG,мынчалык ичин ооруду,как будто сенин акчандан бир тыйыны кеткенсип,ушул заманда рахматтан башка соз жок,эгерде бардык чондор ушлундай иштесе саякаттабаган к р де эч ким калмак эмес
18.01.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо менин суроолорума тиешелүү жетекчилерден жооп алып берип койууңарды өтүнөм!
18.01.2016. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
STAN_KG,сага мен эле жооп берип коёюн! Ушунча акчаны кыргызтандын туризине болсон биздин чондор жеп коймок анан мындай жаш окуучуларды эч ким эч жака алып чыкмак эмес!
18.01.2016. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ruslan_d,:)
18.01.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ruslan_d, туура айтасыз!
19.01.2016. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда мектеп окуучусу болгонумдаа :-) :-) :-) :-) эх эх 1 % женишиме умут болот эле болсода ушундай болуп ушулар катарында жургон болот белем буйруса бизда барабыз
19.01.2016. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии ананайындар,бала да кеткиси келбей жатканын)))
19.01.2016. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир апта эсалдырып коюшса болмок.эми качан бармак эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: