Шаар көчөлөрүнө 173 тонна кум жана 13 тонна туз себилди
Бишкекте 17-январдан 18-январга караган түнү "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тротуарларды жана унаа жүрүүчү жолдорду кардан тазалап чыгышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Түнү бою 5 трактор, 3 грейфердик жүктөөчү жана 18 кум төгүүчү унаа иштеди. Жалпысынан жолдорго 173 тонна кум жана 13 тонна туз себилди. Тротуарларды жана жолдорду тазалоо үчүн Жол-эксплуатация башкармалыгынын 30 кызматкери жана борбордук аймактардын көчө шыпыруучулары ишке тартылды.
Азыркы маалда тазалоо иштери кечкиге чейин токтотулду. Ал эми күндүз "Тазалыктын" кызматкерлери шаар тургундарынын билдирмелери менен көчөлөрдү тазалоого чыга беришет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
SHAHDAR

18.01.2016. 13:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17 тонна десе ишеничтуу болмок
bond

18.01.2016. 21:45
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кум жайында асманга сапырылып чаныйт да башка нерсе чачса болбойбу
AiBoru

18.01.2016. 22:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыыы
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.