super.kg logo

Жылнаама, 19-январь: Мындан 9 жыл мурун казак ырчысы Мурат Насыров каза болгон

 

* Мындан 42 жыл мурун, 1974-жылы V жана VI чакырылыштардагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты, вице-спикер Төрөбай Зулпукаров Ош облусундагы Ноокат районунун Кара-Таш айылында туулган.
Төрөбай Зулпукаров жогорку билимдүү, 2000-жылы Кыргыз улуттук университетин тарых адистиги боюнча бүтүргөн. 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясында (атайын бөлүктө) аскердик кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде спорттук-күжүрмөн даярдык боюнча нускоочулуктан баштаган. Кармашып урушуу боюнча спорт чебери, II дан кара курдун ээси.
Төрөбай Зулпукаров 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланса, 2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

* Мындан 31 жыл мурун, 1985-жылы ырчы Жийдеш Идирисова Нарын шаарында туулган. Ал "Эдем алмасы" аттуу тасманын саундтрегин аткарып эл оозуна алынган. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган.
2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу ыры менен 1-орунду ээлеген.

* Мындан 50 жыл мурун, 1966-жылы Индира Ганди Индиянын үчүнчү премьер-министрлигине шайланган.
Индиянын биринчи премьер-министри Жавахарлала Нерунун кызы Индира Приядаршини Ганди Индия мамлекетинин тарыхындагы биринчи аялзатынан чыккан премьер-министр болгон. Ал өмүрүнүн аягына чейин өкмөттү жетектеп келген.

* Мындан 9 жыл мурун, 2007-жылы Мурат Насыров баңгизаттын күчүнөн улам Москвадагы өзү турган үйдүн 5-кабатынан секирип кеткен. Ырчынын сөөгү өзү төрөлүп-өскөн Алматы шаарында 22-январь күнү жерге коюлган.
Белгилүү ырчы, композитор Мурат Насыров 1969-жылы 13-декабрда Алматы шаарында төрөлгөн. Мураттын музыкага болгон кызыгуусу 7 жашында ойгонгон. Өзүн сахна адамы элестетип алган Мурат эч кандай тоскоолдукка, апасынын ыйлаганына да карабастан, 1989-жылы Москвага сапар алган. Алгач досу менен “Новый порт” деген рок-тобун түзүшүп, чакан кечелерде ырдап чыга башташат. Мурат “Ялта-91” сынагына катышып, баш байгени утуп алган. Ошондон кийин Мураттын чыгармачылыкта жолу ачылып, көп узабай ал “А-Студио” тобу менен таанышып, Мурат Насыровдун казак жердештери ага болгон жардамдарын көрсөтүшөт. “Мальчик хочет в Тамбов” деген ыры анын атын чыгарат. “Кто-то простит” аттуу альбому, “Лия” деген ыры менен популярдуулукка жетишип, ырчы орус шоу дүйнө­сүн­дө өз ордун тапкан.

19-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчалууларга кобунчо наркотик сайышатта,акчасын убагында таап берет.жер жутсун наркотикти
19.01.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жийдеш мен сен учун,"сен учун"деген ыр жазбасамбы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: