super.kg logo

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10,8 миллиард куб метр

 

Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү учурда 10,8 миллиард куб метр. Бул былтыркыга караганда 2 миллиард куб метрге көп экенин 18-январда өкмөт башчы Темир Сариев күз-кышкы жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында айтты.

Премьер-министр бөлүштүрүү компанияларынын түйүнүндө техникалык жоготууларды 14 пайызга төмөндөтүү тапшырмасы берилгенин эске салды. Темир Сариев 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча жоготуулардын көлөмү “Жалал-Абад электр” компаниясында – 14, “Батыш электр” – 8, “Чыгыш электр” - 17, “Ош электр” компаниясында – 14,6 пайыз, ал эми жалпы өлкөбүз боюнча 14,9 пайызды түзгөнүн билдирди.

Темир Сариев техникалык жоготууларды азайтуу боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын айтып, быйыл жоготууларды 13 пайызга түшүрүү тапшырылганын кошумчалады. Ошондой эле бөлүштүрүү компанияларынын алдында дебитордук карыз 275,6 миллион сомго көбөйгөнүн маалымдады. “Электр энергиясын жоготуу жана карыздарды чогултуу боюнча ишти кескин түрдө жакшыртуу керек. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Аймактарда бул боюнча облус, район жетекчилери да жооп беришет”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
19.01.2016. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кун ыссык болуп жатат ошого 2млд куб суу коп болуп жатат.Эгер суук болгондо корот эленер.
19.01.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирөө жарым жолдон өтүп баратканда тартып койгулачы, көрүп коелу. Булардын отчетторуна ишене бербейм. Былтыр өтүп баратканда көргөн элем, көлөмү аябай азайып кеткен эле.
19.01.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайра азая баштаптырго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: