super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Нарындык делегация Кытайдын Кызыл-Суу облусунда иш сапары менен болуп келди

 

11-15-март күндөрү Нарын облусунун башчысы Канатбек Муратбеков, район акимдеринин орун басарлары жана облустагы айрым фермерлерден турган делегация расмий иш сапары менен Кытайдын Кызыл-Суу автономиялык облусунда болушту. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирет. Айтымында, Кытайдагы аталган облустун губернатору Пархат Турду менен кыргыз делегаттары эки облус ортосундагы соода кызматташтыгы, айыл чарба жана билим берүү тармагындагы шериктештикти бекемдөө тууралуу пикир алышты. Жолугушууда Канатбек Муратбеков:“Биз Нарын облусун өнүктүрүү үчүн жаңы жолдорду издеп, коңшу өлкөлөр менен шериктештикте иш алып  барууга аракет кылып жатабыз. Биздин бул иш сапарыбыз келечекте облусту өнүктүрүүдө өз жемишин берет деген ишеничтебиз”,- деп белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: