super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Азия чемпиондугунда өлкө намысын коргой турган 16 футболчунун тизмеси жарыяланды

 

Футзал боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу Андрей Полховский Азия чемпиондугуна бара турган курамды жарыялады. Курамга 16 футболчу кирген. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, курам 23-январда Москвага жөнөп кетет. Ал жакта 6-февралга чейин машыгуу сбору өтөт. Ошондой эле 2 жолдоштук беттеш пландалган. 6-февралда команда Азия чемпиондугу өтчү Ташкент шаарына жөнөп кетет. Мелдеш алдында Тайбэй курамасына каршы жолдоштук беттеш өтөт.

Курамга Кирилл Ермолов (клубу "Ынта", Казакстан), Марлис Дегимбаев (“Морпорт”, Казакстан), Николай Шамонин ("Фарватер", Кыргыз Республикасы), Канимет Аралбаев ("Эмгек", Кыргыз Республикасы), Азат Исабеков ("Эмгек", Кыргыз Республикасы), Эркин Табалдиев ("Эмгек", Кыргыз Республикасы), Рустам Ермеков ("Izqilar", Кытай), Руслан Ермеков ("Izqilar", Кытай), Нуржан Жетибаев ("Izqilar", Кытай), Эмил Канетов ("Динамо", Кыргыз Республикасы), Уланбек Байгазы уулу ("Динамо", Кыргыз Республикасы), Максатбек Алимов ("Динамо", Кыргыз Республикасы), Иляс Чотбаев ("Динамо", Кыргыз Республикасы), Мирланбек Абдыкадыров (клубу жок), Евгений Малинин ("Фарватер", Кыргыз Республикасы), Дилшат Кадыров ("Мурас", Кыргыз Республикасы).

Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу 10-21-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтөт. "А" тайпасында футболчуларыбыз Ливан, Сауд Арабия, Өзбекстан курамалары менен ойношот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.01.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик. Алга
29.01.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛГА
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: