Келдибековдун иши боюнча соттук отурум: Бекназаров күбөгө кыргыз тилинде суроо бергендиги үчүн 2 жолу эскертүү алды
Бишкек шаардык сотунда Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум уланууда. Суракка күбө катары чакырылган Гүласал Садырбаевага суроолор кыргыз тилинде берилип жатканына байланыштуу Келдибековдун жактоочусу Азимбек Бекназаров менен соттук коллегиянын түзүмүнүн ортосунда түшүнбөстүк чыкты.
Бекназаровго суроолорун орус тилинде бериши керектиги айтылганда, ал орусча суроо берүүдөн баш тартып, анын жана күбөнүн укуктары бузулуп жатканын билдирди. Андан соң ал кайрадан кыргыз тилинде суроо берүүнү улантты. Буга судья Ирина Воронцова экинчи жолу эскертүү берип, муну протоколго киргизүүнү айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-3

Айткылачы, эмне болгон кыргызга?
Орустардын обонуна бийлеген.
Эмне дейин баягы эле кыргыз да....
А И.Воронцованын айтканынан кийин биз кимбиз анда?Бул мага отоо оор тийди.Атка минерлерге таасир берди бекен.Орус тилине расмий статус берген экс чиновник кыкелерди жайлабтыр
Этика нормаларын сактаңыз.
Сунушуңарга рахмат, аракет кылабыз.