super.kg logo

Иркутск шаарында өрттөнгөн үйдөн куткарылган балдардын абалы жакшы, атасынын сөөгү туулган жерине алынып келинет

 

16-январга караган түнү Иркутск шаарында кыргыз жаранын мыкаачылык менен өлтүрүп, анын сегиз айлык жана эки жарым жаштагы балдары уктап жаткан турак үйдү өрттөп кетишкен эле. Кичинекей балдарды полиция кызматкерлери куткарып калышкан.

Маркумдун сөөгү туулган жерине - Кадамжай районунун Таш-Дөбө айылына коюларын айткан жубайы бүгүн, 19-январда SUPER.KG порталына: "Азыр балдарымдын абалы жакшы. Алар күйүк алган эмес. "Тез жардам" кызматы келип, "Өзүбүз сүт берип, жардам беребиз. Сен бул жакта полицияга көргөн-билгендериңди айтып тур" деп балдарымды алып кетишкен. Учурда үйгө алып кетүүгө уруксат берди. 22-январда Ошко учканга билет алдык",- деди.

Эске салсак, окуя болгон түнү тийиштүү кызматтарга 2-Темир жолу көчөсүндө турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери өрт чыккан аймакты курчоого алуу үчүн бара жатышканда 3-Темир жолу көчөсүнөн алардын алдынан чыккан аял үйү өрттөнүп жатканын, ичинде кичинекей балдары бар экенин айткан. Полиция кызматкерлери уктап жаткан балдарды куткарып калышкан.

Ал эми 2-Темир жолу көчөсүндө өрттөнгөн турак үйдөн башына бычак сайылып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын жансыз денеси жана бычактан жаракат алган жаран табылган. Жаракат алган жаран облустук ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, эки үй тең атайын өрттөлгөн.

Биринчи өрттөнгөн турак үйдөн куткарылган балдар мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жарандын балдары болгон. Өлтүрүлгөн кыргыз жараны Кадамжай районунун Жеңишбек аттуу тургуну экени айтылды. Кылмышка шектүү катары Кайрат Сулайманкулов кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
19.01.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы наристелер аман калыптыр,атасын жайы жаннатта болсун,апасына сабыр берсин кудайым
19.01.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол кезде аялы каякта болду экен орт учурунда.Бир уйдон куйоосун олтуруп аялын тим койуптурбу тушунбодум?
19.01.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун кошна айылдан экенда
19.01.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аялы кайда болду экен ошол куну кенениреек маалымат жокпу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: