super.kg logo

Чүй ОИИББи: "Аткезчилик менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ колго түштү"

 

Үстүбүздөгү жылдын 16-январь күнү Чүй ОИИББинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган күйүүчү майдын чоң көлөмдөгү запасы табылды. Бул тууралуу 19-январда аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка караганда, күйүүчү майлар Казакстан аркылуу Чалдыбар айылына ташылып келинип, сатылып турган. Панфилов районунун аймагында жайгашкан база күйүүчү майды куюштуруу үчүн 8 электронасос, казылган 4 аң (ар биринин көлөмү 10 тонна болгон идиш) жана 15 тонналык 2 цистерна менен камсыздалган. Уюшкан топту колго түшүрүү учурунда сыйымдуулук жүктөмү 44 тонна күйүүчү май жана 39 тонна май жүктөлгөн МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалып, анын 1985-жылы Ош облусунда туулган Т.Т. аттуу айдоочусу камакка алынды. Жалпысынан 83 тонна күйүүчү майдын эч кандай документи жок сакталып, сатылып келгени далилденди.

Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү колго түшүрүлүп, жогоруда көрсөтүлгөн автоунаа Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу унаа токтотуучу жайына жеткирилди. Козголгон кылмыш иши Панфилов райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: