Шериктештик Кубогу-2016: Кыргыз футболчулары Молдовага 2:0 эсебинде утулуп калышты (фоторепортаж)



















Бүгүн, 19-январда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында футбол боюнча "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин 2-туру өтүп жатат. 22 жашка чейинки курактагы кыргыз футболчулары бул турда Молдова курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде утулуп калышты.
Оюндун алгачкы 45 мүнөттүгү тең чыгуу менен аяктады. 2-тайм башталар замат атаандаштар каршы чабуул уюштуруп, эсепти ачышты. Экинчи голду болсо молдовалыктар оюндун 85-мүнөтүндө киргизишти.
Кошумчалай кетсек, 1-турда казак футболчуларын уткан Молдованын эсебинде упайлардын саны 6га жетти. Карамагында 3 упайы бар кыргыз футболчулары 3-турда казактарга каршы ойношот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Казактарды жайлайз буйурса!