super.kg logo

Кыргыз окуучулары XII Эл аралык Жаутык олимпиадасында алдынкы орундарга ээ болушту

 
Жусубалиев Амангелди информатика сабагынан 2-орунду ээлеп, күмүш медаль менен сыйланды.
Азисбек уулу Саадинур математика сабагы боюнча 3-орун менен коло медалга ээ болду.

13-январдан баштап 19-январга чейин Казакстандын Алматы шаарында окуучулар арасында математика, информатика жана физика сабактары боюнча XII Эл аралык Жаутык олимпиадасы болуп өттү. Бул тууралуу "Себат" лицейинин математика мугалими Абдулхади Узаков SUPER.KG порталына билдирди.

Кыргыз Республикасынан жалпысынан 7 окуучу барган. Тапшырмалардын жыйынтыктары боюнча
10-класстын окуучулары Амангелди Жусубалиев информатика сабагынан 2-орунду ээлеп күмүш медаль менен сыйланса, Азисбек уулу Саадинур математика сабагы боюнча 3-орунду алып, коло медалга ээ болду.

"Информатика боюнча да, математика боюнча да катышуучулардын саны 100дөн ашты. Бул эки окуучу 8-класстан баштап даярданып келишет, кошумча сабактарга барышат. Буга чейин республикалык олимпиадаларга катышып келишкен",- дейт Абдулхади Узаков.

"Мындай чоң деңгээлдеги олимпиадага алгачкы жолу катыштык. Жеңишибизге ата-энелерибиз кубанышты, бизде толкундануу болгон деле жок. Албетте, мындан ары да олимпиадаларга барып, мыкты ийгиликтерге жетишүүгө аракеттенбиз",- деп кошумчалашты окуучулар.

Бул олимпиада 2005-жылдын январь айынан тартып 13 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максаты – физика жана математика илимдерин пропаганда кылуу, эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана ар кайсы мамлекеттердеги мектептер арасындагы достукту чыңдоо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
20.01.2016. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!Окууларынарга ийгилик!!!
20.01.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы!! Вот ушуларга 5 жылдык бекер окуу сертификатын берсе болмок(не точно там за голос или маданиятка кошкон салымы учун. извините меня,конечно)
20.01.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Diana92kg,1000% кошулам.
20.01.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Diana92kg,она ошентиш керек,анан да айтат элем кээбир кыйын окугандар контракт толой албай калса чыгарып жиберет ,дегиле элге тушунуп болбойсун,канча балдар уйундо балдар бар окугусу келген!анан ырдап койсо 5жылга Бекер окутуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: