super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев энергетиктерге, жазуучуларга, журналисттерге, милиция кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда

 

Бүгүн, 20-январда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев Улуттук экономиканы чыңдоо жылында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана моралдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана эрдиктери үчүн бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууда.

Айта кетсек, президенттин тиешелүү буйругуна ылайык, "Компьютер-Пресс" ЖЧКсынын ("Супер-Инфо" гезити) директору Шаиста Шатмановага Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы тапшырылат. Ал эми II даражадагы Манас ордени менен белгилүү акын Шайлообек Дүйшеев жана Жогорку Соттун мурунку төрайымы Феруза Жамашева сыйланышат.

III даражадагы Манас ордени велоспорт боюнча кыргыз улуттук курамасынын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, Ош облусунун мурунку башчысы Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотовго ыйгарылмакчы.

Жалпысынан жүздөн ашык жеке жана юридикалык жактар сыйлык алышат. Алардын арасында Эрдик, Даңк медалдары менен сыйланышкандар дагы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: