super.kg logo

14 жылга эркинен ажыратылган жаран соттун өкүмүнө нааразылыгын билдирип оозун тигип алды

 

Соттун чечимине макул болбогон жаран 2016-жылдын 8-январында өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, нааразылык катары ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу 20-январда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга ачкачылык жарыялаган Бишкектеги №1-абакта жаткан Т.С. аттуу жарандын жактоочусу Майрамбек Жумабеков кайрылган. Ал кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурумду башка курамда өткөрүүгө көмөктөшүүнү суранган. Арызда Бишкек шаарынын Ленин районунун соту 2015-жылдын 2-ноябрында соттук отурумду жабырлануучунун катышуусусуз өткөрүп, өкүм чыгарганы айтылган. Жактоочунун айтымында, жабырлануучу бир да жолу соттук отурумга катышкан эмес жана 2 жолу Т.С. аттуу айыпталуучуга дооматы жоктугун билдирген арыз жазган. Сот "зордуктоо" жана "тоноочулук" беренелери боюнча күнөөлөнгөн айыпталуучуну күчөтүлгөн режимде 14 жылга эркинен ажыраткан.

Факт боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери эки ирет абакта болушуп, айыпталуучуга юридикалык кеңеш беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
20.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibew, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Бирок дагы ушул сыяктуу сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сунуш, суроо же сын-пикирлер болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүз.
20.01.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оозун тиккендеги фотосун чыгарып коюнуздарчы коройун эрдигин. Тооба кылдым
20.01.2016. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кээде куноосу жок ,акчасы жокторду ушинтет биздикилер,акчасы бар журот жыргап.Бул дуйнонун турмосундо отурган жакшыы,аркы дуйнонун тозогу кандай азаптуу,кандай кыйын экенин билишпейт да.Баарын Аллах коруп турат.
20.01.2016. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе деп айтыш кыйын туура чечим чыккан болсо тигип алмак турсун асынам десе да озу билсин мыйзамга баш ийсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: