super.kg logo

Кытайда пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо жарылуу болуп, 4 адамдын дайыны чыкпай жатат

 

Кытайда пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо жарылуу болуп, 4 адам дайынсыз бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Шанжо шаарындагы Цзянси провинциясында жайгашкан пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо түнкү саат 00:30 чамасында жарылуу болуп, андан соң катуу өрт башталган. Жарылуу катуу болгондуктан, заводго жакын жайгашкан имараттардын айнектери сынып кеткен. Учурда 4 адам дайынсыз болуп, дагы 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алганы маалымдалды. Учурда аталган заводдун жооптуу кызматкерлери камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Айта кетсек, 8-февралда Кытайда Жаз майрамы (Кытай Жаңы жылы) белгиленет. Ал майрамга карата аталган өлкөдө пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдор көбүрөөк пайда табуу максатында чыгарган продукциясынын көлөмүн көбөйтөт.

Эске салсак, өткөн жумада Кайфэн аймагында жайгашкан пиротехникалык заводдо да жарылуу болуп, анын кесепетинен 10 киши көз жумган.






Кытайдагы заводдо жарылуу болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.01.2016. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч кереги жок нерсе , пайдадан зыяны коп, жок эле болуп кетсин заводу.
20.01.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Заводду негизи давно эле жаап жок кылыш керек болчу. Чонтокко, ден соолукка, жаратылышка тоодой зыяндан башка , кымындай да пайдасы жок
20.01.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AiBoru, туура айтасыз, мен дагы созунузго кошулам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: