super.kg logo

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айдоочунун айынан болгон жол кырсыгынан жабырлануучу көз жумуп, кылмыш иши козголду

 

Борбор калаанын Түштүк магистралында 5-январда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жабырлануучу 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, 14-январь күнү өзүнө келбей каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (кичинекей кезинде алган эмдөөнүн кесепетинен бир колу иштебей калган) В.Колесников аттуу жарандын күнөөлүү экени белгилүү болду. Ал интернеттеги социалдык тармактардагы өздүк баракчасына: "Мени аягандарды жактырбайм. Менин көп унааларым болгон, анын экөөсү жарабай калды",- деп жазган. Акыркы жол кырсыгы тууралуу унаасын сүрөткө тартып: "Жаткан жериң жайлуу болсун, менин экинчи аялым!"- деген билдирүүсүн калтырган.

Интернеттеги маалыматтарга караганда, В.Колесников унаа жарышынын сүйүүчүсү, ал буга чейин көптөгөн жарыштарга катышып келген жана "Рецидивист" деген лакап атка ээ болгон.

"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. Буга тиешелүү экспертизалар дайындалган, азырынча жыйынтыктары чыга элек",- деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айгүл Давлетбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.01.2016. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо озун куноолуу деп ойлобойт экен да,коментине караганда
20.01.2016. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олгусу келгендер тынч эле асынып алышса.озу менен кошо башкаларды да олтурбой
20.01.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз жазасын алсын мыйзам чегинде кыйшосуз.
20.01.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо бул жетим акчаны кайдан алат экен ушундай кымбат машиналарга?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: