super.kg logo
  Саясат  

"Мандаттар чыры" депутаттарды парламентти таратуу маселесин көтөрүүгө мажбур кылууда

 

Бүгүн, 20-январда "Кыргызстан" фракциясынын эки депутатын мандаттан ажыратуу аракети боюнча БШКнын маалыматын угууга депутаттар жетиштүү чогулбай калып, кворум жок болгондуктан, маселени кароо эртеңкиге калтырылды. Буга бир топ депутаттар нааразы болушту.

Депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, кворум чогулбай калып, мандаттар маселеси менен кошо "Жунда" ишканасы боюнча маселе да бүгүн каралбай калды. "7 күн ичинде мамлекеттик бюджетке 16 миллион сом кирбей калган жатат. Эмнеге парламент мындай маанилүү маселени калтырууда? "Мандаттар чыры" бир фракциянын эле маселеси, бирок анын айынан бюджетке кирбей жаткан акча каражаты жөнүндө маселе да эртеңкиге калууда",- деп нааразычылыгын айтты Рыспаев.

Депутат Урмат Ишенбековдун айтымында, депутаттар БШКнын мандаттар боюнча маалыматын уккусу келет, бирок төраганын орун басары буга мүмкүнчүлүк бербей жатат. "3 жолу бул маселе күн тартибине киргизилип, бирок каралган жок. "Кыргызстан" фракциясы расмий маалыматты бербей жатат. Эртең бул маселени эң биринчи карайбыз деп чечтик. Эгер ушинтип улана берсе, парламентти таратыш керек",- деди Ишенбеков.






Парламенттеги ызы-чуу (2)

Парламенттеги ызы-чуу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: