Ысык-Көлдө 10 килограммдан ашуун баңгизат менен 27 жаштагы жигит кармалды
Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон айылында жалпы салмагы 10 килограммдан ашуун баңгизат менен 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин алкагында Чолпон айылынын четинен 27 жаштагы О.А. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан чоң көлөмдөгү баңгизаттар табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал 4,845 килограмм гашиш жана 6,130 килограмм марихуана экени аныкталган.
Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Менин бизнесимдики,Сеники
Мага бангизат саткан байкеники!!!
эптеп септеп сатып алганда жыргамак экен да байкуш.
Мейли эми турмодо жыргайт