Ысык-Көлдө 13 килограмм баңгизатты күрмөсүнө катып алып жүргөн жаран кармалды



Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту айылында маңзат сактоого шектелип буга чейин соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу 20-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында 1974-жылы туулган Бактуу-Долоноту айылынын тургуну колго түшкөн. Ал күрмөсүнө маңзат катып алып баратканы белгилүү болгон. Кызматкерлер андагы зат 13 килограмм экенин аныкташкан.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Колдо нашаа соодасы катуу журо баштаган го
Эми сезон да, чогулткандарды кымбат сатканга.