super.kg logo

Жылнаама, 21-январь: Мындан 41 жыл мурун мурдагы муфтий, коомдук ишмер Чубак ажы Жалилов туулган

 

* Мындан 41 жыл мурун, 1975-жылы мурдагы муфтий, коомдук ишмер Чубак ажы Жалилов Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында туулган.
Ал 1992-1996-жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде, 2000-2002-жылдары Сауд Арабиядагы "Умм аль-Куро" Эл аралык университетинин алдындагы Араб тили институтунда, 2002-2006-жылдары аталган университетте фикх боюнча билим алган. Орто мектепти алтын медаль менен, ал эми жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эне тилинде, орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.
Чубак ажы Жалиловдун эмгек жолу 1995-1998-жылдары Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан окутуучу болуу менен башталган. Ал эми 2005-2007-жылдары Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти, 2008-2010-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, ошол эле жылдары Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде окутуучу болуп эмгектенген. Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары өлкөбүздүн муфтийи кызматын аркалаган.
Чубак ажынын өзгөчөлүгү деп өздүк 3 бөлмө китепканасы, башкача айтканда, 5 тоннадай китеби бар экенин айтууга болот. Бир жолу унаасын сатып, акчасына чет өлкөдөн 1 тонна 700 килограмм салмакта китептерди алдырткан. Бир күндө адабий китептерден 500 беттей окуган. Китеп окуп, маселенин чечимин издегенди, анализдегенди жактырган жана убактысынын көп бөлүгүн ушул ишке арнаган.

* Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты аранжировщиги", "2010-жылдын супер ырчы мырзасы", "2011-жылдын сахна адамы" наамдарынын ээси, эстрада ырчысы Ильяз Абдыразаков Баткендин Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ыр дүйнөсүнө кызыгуусу ата-энесинен өткөн. Өз өнөрү менен көптөгөн хит ырларды жараткан Ильяз Абдыразаков кыргыз эстрадасында өз ордун таап, атагы коңшу өлкөлөргө да тараган.

* Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы АКШнын В52 бомба таштоочу учагы кандайдыр бир бузулуулардан улам бортундагы төрт атом бомбасы менен Гренландиянын аймагына түшкөн. Атом бомбалары жарылбастан суунун түбүнө түшүп кеткен. Бул тууралуу маалыматты АКШ дүйнөгө таратуудан кооптонуп, болуп өткөн жерде тез арада тазалоо иштерин уюштурушкан. Учактын калдыктары тез арада жок кылынып, атом бомбаларынын үчөө суудан чыгарылган. Ал эми төртүнчүсү ошол боюнча табылбай калган.

* Мындан 15 жыл мурун, 2001-жылы Кытай Элдик Республикасынын Жогорку Соту интернет аркылуу мамлекеттик сырды уурдоо, сатып алуу жана жарыялоого каршы мыйзам кабыл алган. Жаңы мыйзамда электрондук жол менен кылмыш жасаган адам өлүм жазасына тартылары каралган.

21-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
20.01.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Чубак ажынын өмүрү узуун болсун
20.01.2016. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чубак ажыны сыйлайым,абдан илим билимдуу киши.Алла таалам ден соолук,аманчылык,тынччылык берсин.
20.01.2016. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чубак ажыга ден соолук.узун омур каалайлы.берген насаат.суроо жооптору аябай таасирду.
20.01.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алллахым узак омур берсин абдан жакшы адам
Мен баламы Чубак ажыдан илим алдыргым келет кудайдан ошону дуа кылып сурап журом.
20.01.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сүйлөгөн сөздөрү чучукка жетет
20.01.2016. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чубак ажы АЛЛАХым сизге жана уй булоонузго эки дуйно бактылуулук берсин!
Nurisum түзөттү 2016-01-20 23:55:25
21.01.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чубак ажы Кыргызстандын Жылдызы. Мындай адамдар дайым эле тороло бербейт...
21.01.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажы билимдуу инсан экен Бар болсун ылайым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: