super.kg logo

Ысык-Көл. Түптө дарыгерлердин шалаакылыгынан 10 күндүк ымыркай вакуумда күйүп каза болгону айтылууда

 

Түп райондук төрөт үйүнүн дарыгерлеринин шалаакылыгынан улам 10 күндүк ымыркай көз жумганы айтылып, жабырлануучу тарап күнөөлүү кызматкерлердин жоопко тартылышын талап кылууда. Коомдук активист Ренат Самудинов 20-январда өзүнүн интернет баракчасына жарыялагандай, окуя 2015-жылдын соңунда катталган.

"Түп райондук төрөт үйүнө 2015-жылдын 24-ноябрында Мадина Муратбекова аттуу кош бойлуу айым түшүп, ошол эле түнү көз жарган жана ымыркайдын абалы нормалдуу болгон. Бирок 5 күндөн кийин абалы начарлап, аны облустук ооруканага которушкан. Врачтар жаңы төрөлгөн баланын абалын көрүп нес болуп калышкан. Дароо апасына ымыркайынын буттары жана башка дене бөлүктөрү күйүп калганын кабарлашкан. Бала вакуум лампасына күйүп калган. Анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес",- деп айтылат маалыматта.

Түп райондук төрөт үйүнүн кызматкерлери окуядан кийин күнөөнү эненин өзүнө оодарганы, кош бойлуу эненин түрдүү оорулар менен жабыркап келгенинен улам ымыркай каза болуп калганын айтып чыгышканы маалымдалды. Текшерүүдө энеде эч кандай оору болбогону аныкталган.

Ал эми баланын өлүмүнө байланыштуу эч ким жоопко тартыла электиги, оорукана жетекчилигине сөгүш берилип гана тим болгонун айтышууда жабырлануучулар. Алар тийиштүү органдардын буга чара көрүшүн талап кылып жатышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(15)
21.01.2016. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Токту коп берип койушкан го шалаакылар.Байкуш канчалаган наристелер ак халатчандардын колунан алмашып,жоголуп,чарчап калып жатышат.Жазасын алыш керек олумго себепкерлер,жон Гана согуш менен Тим болбостон.
21.01.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ымыркайдын абалы нормалдуу болсо а эмнеге анда вакуумга салышты...? Жазаларын баардыгы алыш керек!Кош конул мамиле кылынган учун мындай кылмыштар кобойуп жатат.
21.01.2016. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Милиция жана врачтар именно биздин олкодо оздорун кудай сезишет . Мен билем ,сиз туура эмес кылгансыз , бул жеринизди операция кылып кесип салсак болду айыгып кетесиз деген сыяктуу адам олуп баратса оной эле суйлоп эн негизгиси резко чечим чыгарышат бальким аны башка жол менен дарылайт операциясыз эле бирок окунучтуусу копчулук эшектер ушулардын катарын толуктайт.
21.01.2016. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жараткан жазалайт. Эч ким андан кутула албайт
21.01.2016. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менин синдим Түптүн Сан-Таш айылындагы төрөт үйүндө төрөгөн. Ал кайсы бир майрамга туура келип, врачтар жакшы көңүл бөлбөгөндүктөн сиңдимден кан кетип, врачтардын өзүлөрүнүн жүрөктөрү түшүп калып, жан талашып Караколго Скорый мн жеткизишкен экен. Караколдон врачтар убагында алып келдиңер, болбосо сактап кала алмак эмеспиз дешкен экен. Карабай койгон врачтарды сотко берели дегенде жоопту врач жумушунан чыгып, Россияга качып кеткен. Ошол үчүн аймактагы төрөт үйлөрүн жакшы көзөмөлгө алыш керек.
21.01.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Медицина тармагындагылар козомолдун жоктугунан болуп корбогондой кутурушту озгочо врачтар. Эмне себептен баарын коруп билип туруп министр ишти колго алып куноолулорго катуу жаза берип,козомолго албайт. Врачтардын шалаакылыгы,акмакчылыгы тууралуу кундо айтылып келет.Аласасы бардай нагло акча доолашат коколоп эмне деген жапайычылык бул
21.01.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мен тороп эртеси роддомдон чыгып кетип жаткан куну(кайсы жерде экенин жазбай эле койойун)Бир алдейди сен кара.сен кара деп бир бирине туртушуп вакумга кечиреек жатып калып.чарчап калыптыр.Озу жакшына торобойт беле.кичине тороп алып олуп калса бизди куноолойт деп мага кагаз жазып берип жатып шеригине айтып жатат.Шериги жакшы карап вакумга эртереек салсанар олбойтледа деп беймарал бир тоок олуп калгандай отурушат.Дагы мага акча бердим деп сенда арызданып алба деп коет.
21.01.2016. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
El jazgan koigoilordu atka mineerler okit boldu beken?Myndai shalaakylyk bizdin medisina tarmagynda en ele kop kezdeshet.Korupsia jok dep koiushat betteri kyzarbai, akchan jok dogdurga barup kor tuz ele oo duinoogo attantat.
arno2008 түзөттү 2016-01-21 11:37:50
21.01.2016. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмактар. Мумкун акча умут кылышкандыр. Азыр медиктер биринчи чонтогуну анан ден-соолугуну карашат
21.01.2016. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман доктурлар экен
21.01.2016. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах коруп турат баарын
21.01.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу врачтар жаман копту.Мендагы так жаны жыл куну 6 айлык кызым температура болуп кыйналып Жалдагы Эне Жана баланы корго борборундагы приемныйга алып барсам направление жок корбойбуз дейт бала кыйналып жатса мен кайактан направление алып бармак элем.Врачтар кийип барган кийимге да конул бурушат окшойт жолдошум командировка га кеткен болчу анан мен алып келгем бала оруганынан шашып уйдогу эле кийимдин устунон эле келгем,мен айылдан келген дагы бироолор турат ангыча эле шуба кийген аялы,
Модератор admin_portal түзөттү 2016-01-22 10:44:23
21.01.2016. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пальто кийген куйоосу норка кийген чин энеси окшойт торт беш жаштагы кызы мн келип калды анан ичинен бироо чыгып аялын чон энесин кичине кызды алып кирип кетти.Ушунчалык ичим куйгонун сурабагыла балам кыйналып ыйлап жатканын коруп туруп кирип кеткенине кичине очередь кимдики депда сураган жок, анан эшикте турган куйоосу мн урушуп жатсам ичинен чон энеси келип туруп мага сен кимсин эмне анча ызылдап жатасын биздин таанышыбыз бар десе болобу.
21.01.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан менда жаш болсомда сазайларын бердим.анан нервим кашайып врачым кашайып кирсем направление жок 200 жуз сом толойсун дешти негизи ал жерде Бекер короткий тем более ал жер балдардын болницасы,мен ал акчаны кимге толойм десем бизге дешти.анан Айла жок балам учун бердим 200 жуз сом жалко деле эмес болгону жон жерден карапайым элден акча соруп жатканына жиним Келли.
21.01.2016. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убагында окуудан качып вечерлерге барып жургондун баары эле ушундай зачётторун акча берип бутуруп аран диплом алып алышып тааныш аркылуу ишке кирип жыйынтыгында ушундай нерселерге дуушар болуп жатышат,шалаакыларга согуш жарыялган да акмак жазасын алышсын бизде законду кучуно киргизип коюшсун эле баардыгы ийге келип калышат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: