super.kg logo

Ноокендеги Достук айыл аймагынын кызматкерлери 3 турак үйдү жана ага жанаша турган жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берип жиберишкени аныкталды

 

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мамлекеттик мүлктү жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы табылды. Бул тууралуу 21-январда УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Достук айыл аймагынын кызматкерлери “Дружба” соргуч чордонунун аймагында жайгашкан 3 турак үйдү жана ага жанаша турган жер тилкелерин Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылынын тургундарына мыйзамсыз беришкени аныкталган.

Белгилеп кетсек, өкмөттүн 2015-жылдын 24-мартындагы №119-тескемесине ылайык, Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондуна белгиленген тартип менен Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин ыкчам башкармалыгына “Дружба” соргуч чордонун жана башка объектилерин берүүсү тапшырылган.

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу) жана 305-2-беренесине (Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: