Чек ара өткөрүү бекетинен баңгизат менен бир аял кармалды
20-январда "Достук унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинен чек арачылар тарабынан баңгизат менен бир аял кармалды. Бул тууралуу 21-январда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 1982-жылы туулган Г.И. аттуу жаран Toyota Avensis унаасы менен
көзөмөл-өткөрүү бекетине келип токтогон. Текшерүү учурунда кызматтык ит унаада маңзат бар экендиги тууралуу белги берген. Унаа тинтүүгө алынып, багаждан 112 грамм гашиш табылган. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.