super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРГА" жооп: Кадамжай районунун Бүргөндү айылынын тургундары митингге чыкпай эле, газ уурдагандардын үйлөрүнө барып газдарын жабышкан

 

Бүргөндү айылынын тургундары Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары менен газ уурдагандардын үйлөрүнө барып газдарын жабышканын бүгүн, 21-январда КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн уюштуруу-инспектордук иштер жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Алимбек Матмуратов SUPER.KG порталына билдирди.

"Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Бүргөндү айылында митинг болгон эмес. Бул видеодогу окуя 2015-жылы 22-декабрда болгон. Анда айылдын тургундары Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн орун басары менен биргеликте мыйзамсыз улап газ уурдап, аки таш күйгүзгөн Жаңы-Жер айылынын тургундары
З.Саматова жана А.Тажибаевдин үйлөрүнө барып газдарын жабышкан. Бүгүнкү күндө айылда коомдук-саясий абал тынч",
- дейт Алимбек Матмуратов.

Эскерте кетсек, кечээ окурман SUPER.KG порталына Viber аркылуу Бүргөндү айылында газ уурдап, аки таш күйгүзгөндөрдү тургундар айыл өкмөтү жана айыл аксакалдары менен биргеликте кармашканын маалымдаган эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.01.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялбай эле ар нерсени жаза бериптирда эптеп септеп
21.01.2016. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2010 жылы дагы абал тынч, туруктуу, жашоо-шарт жыргал деп маалымат берип турушкан экен, аягы эмне менен бутту эле, арка жакты бир кылчайып откондон сабак алып коюшса абдан жакшы болоор эле да....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: