super.kg logo

Малайзияга барышкан окуучулар Бишкекке жаңы дем, жаңы көз караш менен кайтып келишти (фоторепортаж)

 

Бир апта мурун Малайзияга жөнөп кеткен мектеп окуучулары, журналисттер жана чыгармачыл топ бүгүн, 21-январда Бишкекке кайтып келишти. Аларды Эл аралык "Манас" аэропортунан жакындары жылуу тосуп алышты.

Жөнөп жатканда бири-бирин жакшы тааныбаган окуучулар ынак достордой кайтып келишти. Алар SUPER.KG порталына маек берип жатып жаңы көз караш, жаңы дем-күч менен кайтып келишкенин, эс алуу көңүлдөгүдөй болгонун айтып беришти. Баарынан мурда маңдайы жарыла сүйүнгөндөр балдардын ата-энелери болушту. Балдарын тосуп алып жатып алар да толкунданып турушту.

Бишкек шаары боюнча Малайзияга жолдомону уткан 10-класстын окуучусу Айжамал Марипова сезимдери менен төмөнкүчө бөлүштү:

"Мен бул сапарды эч качан унутпайм. Эс алуу ойдогудай болду. Жайдагыдай эс алып, кайра аз убакытта кыш мезгилине кайткан кыйын болуп турат. Мындай мүмкүнчүлүктү түзүп берген Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине, элчи Кылычбек Султановго ыраазычылык билдирем".

* Ош шаары боюнча Малайзияга жолдомону уткан Мээрим Рахманова 112 жылдык тарыхы бар мектепке барышканы тууралуу айтып берди:

"Мектепке киргенде эле окуучулар бизди белектери менен тосуп алышты. Алардын тартиптүүлүгүн кийген формаларынан эле байкап турдук. Жоокерлер сыяктуу ал жерде жалаң гана жигиттер окушат экен. Бут кийиминен баш кийимдерине чейин окшош. Карасак бош отургандар жок экен, айрымдары спорт менен машыгып жатса, айрымдары ырдап жатышыптыр. Бул мектеп алдынкы 30 мектептин катарына кирерин айтышты. Мага жалпы элдин жарык маанай, шаттуу жүргөнү жакты. Мен эми өзүм ошондой мүнөз күтөм деп келдим".

* Нарын облусу боюнча жеңүүчү аталган Уланбек уулу Элназар элчилик жер көрүүгө шарт түзүп, өтө баалуу белек кылганын айтты:

"Мен алгач өлкөбүздүн Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановго ыраазычылык билдиргим келет. Ал бизге мыкты мүмкүнчүлүк тартуулады. Жеңгенибиз үчүн башка деле сыйлык берсе болмок, бирок эл көрүүгө, жер көрүүгө шарт түзүп, өтө баалуу белек кылды. Алгач ысык, аба нымдуу болуп, тердеп, көнө албай жаттык. Көп өтпөй көнүп кеттик. Эс алуу жакты".

*Сынактын Ысык-Көл облусу боюнча жеңүүчүсү Жумадил Муңайтпасов окуучулар бат эле тил табышып кеткенин, эс алуу жакканын айтты:

"Окуучулар арасында бири-бирибиз менен тил табышуу оңой болуп, бат эле дос болуп кеттик. Малай элинин мүнөзү токтоо, шашпаган, ыймандуу калк экен. Элге жараша өлкө дагы өнүгүп жатыптыр, пальма майын өстүрүү боюнча алдыда турушат экен. Бийик-бийик имараттар эсте калды. Бардык эс алуу күндөрү биринен-бири кызык болуп, кеткибиз келбей жатты".

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган дил баян сынагында уткан окуучулардын, журналисттердин жана чыгармачыл инсандардын сапары тууралуу кыскача айтсак, калың топ 14-январда Бишкектен Ташкент шаары аркылуу Малайзияга жөнөп кеткен. Аларды аэропорттон элчи Кылычбек Султанов жана элчиликтин кызматкерлери тосуп алып, куттукташкан. Ал өлкөдө кыргыз жеринен барган окуучулар өлкөнүн премьер-министри окуган, 112 жылдык тарыхы бар мектеби менен, журналисттер "The Star" медиа-холдинги менен таанышышкан. Ошондой эле Лангкави аралында эс алышып, өлкөнүн ашканасы, маданияты менен кенен таанышып, андан соң кайтып келишти.

Кошумчалай кетсек, сынактын катышуучулары "Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм" деген темада дил баян жазып, уюштуруучуларга жөнөтүшкөн. Жеңиш ээлери 7 облус жана Ош, Бишкек шаарлары боюнча аныкталган. Малайзияга жолдомону Абдыжапар уулу Медербек (Ош облусу), Жумадил Муңайтпасов (Ысык-Көл облусу), Айжамал Марипова (Бишкек шаары), Уланбек уулу Элназар (Нарын облусу), Мээрим Рахманова (Ош шаары), Мари Раимбекова (Чүй облусу), Адилет Сайдилаев (Баткен облусу), Нурэл Абасканов (Талас облусу), Зыягүл Искендерова (Жалал-Абад облусу) аттуу окуучулар жеңип алышкан. Аларды маданият өкүлдөрүнөн ырчылар Омар, Айым Айылчиева, күлкү жаратуучулар Санжар Мыкыев, Азамат Исмаилов жана сынакты уюштурууда колдоо көрсөткөн ЖМКнын өкүлдөрү коштоп барып келишти.

Алардын кызыктуу сапары тууралуу видеоматериалдарды жакынкы аралыкта "Супер ТВдан" көрө аласыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
21.01.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ох атттаааа супер инфо жонокой жарандар кантип барса болот элчилик жардам бере алабы канча каражат кетет.Кандай документе керек.толук маалымат беруунузду абдан суранам Жана кутом
21.01.2016. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sirgak_92, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсте болот, рахмат.
21.01.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элчиге ырахмат балдарга шык бери жатканына кана эми 120 депуттыбызда ушул элчиге окшоп иштесе биздин мамлекет гулдоп оскон мамлекеттердин катрына кошулмак аттин
22.01.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kama_future_millioner,ошол 120 депутат бир элчи Кылычбек Султанов чалык боло албайт.
21.01.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арткы суроттон санаганда 3 чу суроттогу кыздын буту тонду го тосуп барган туугандары сапожкасын алып алса болмок экен,мондай суукта
21.01.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aku,көз деп ушуну айт ;-) араң издеп таппадымбы? :-)
22.01.2016. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku,хе хее мен биринчи байкадым десее кеч калыпмында
21.01.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зыягүл Искендерова азамат таза тунук ою менен баарынан да сонун Айтматовдой жазган, баарынан мыктысын
21.01.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asad345,мага да ушул кыздын баяныда,озу да жакты.жылдыздуу кыз экен.
22.01.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Зыягүл Искендерова эн жакшы жазган!!!
25.01.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх,бул балдар менен кошулуп барып келгендей -мен канча кубандым, дем-куч берген Кылычбек Султанов элибизге кылган кызматыныз үчүн чоон рахмат!!СИ syrgak_92 сунушу боюнча мен да кутом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: