"Ата Мекен" ГЭСтерди куруу үчүн Орусиядан алынган 37 миллион доллар кай жакка жумшалганын иликтөөнү сунуштады
Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга Орусиядан алынган 37 миллион доллардын кайда жумшалганын иликтөөнү сунуштады. Сунушту парламенттин 21-январдагы жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирип, териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтты. Сунуш добушка коюлуп, күн тартибине кирди.
Белгилей кетсек, 21-январда парламент аталган ГЭСтерди куруу боюнча Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосунда 2012-жылы кол коюлган макулдашууну денонсациялады. Долбоордун алкагында Орусия 2012-жылдан бери 37 миллион доллар бөлүп берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

