super.kg logo
  Саясат  

Аида Салянова: "Кризисте башкалар элине жардам берүүнү ойлонуп жатышат, биздин өкмөт тескерисинче..."

 

Парламентте бүгүн, 21-январда депутат Аида Салянова элдин акчасын жыйноо аракеттери үчүн өкмөттү сындады. Депутат оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга тыюу салуу, турак жай жана автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу аракетине каршылыгын билдирип, буларга токтолду:

"Башка өлкөлөр кризис маалында элге кантип жеңилдиктерди берүү жолдорун издеп жатышат. Кризистин кесепетин жеңилдетүү аракетин көрүшүүдө. Бизде тескерисинче, элди ар тараптан кыйнап жатышат. Же бул боюнча маалымат беришпейт. Айрым депутаттар оң рулдуу унааларды таксиге пайдаланууга тыюу салууну 2018-жылга чейин жылдырууну сунуштап жатышат. 2018-жылы элдин жашоосу жакшырып кетет деген кепилдик барбы? Мөөнөттөрдү жөн эле коё бербей, жакшылап карап чыгыш керек".

Белгилей кетсек, парламентте өкмөттүн аталган демилгелерин токтотуу боюнча мыйзам даярдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: