Бишкек-Торугарт жолунда БМВ-520 унаасынын айдоочусу 6 жаштагы жөө жүрүүчүнү сүзүп, жабырлануучу мерт болду
Бишкек-Торугарт унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу 21-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 19-январда саат 19:00 чамасында болгон. Анда БМВ-520 унаасын айдап бараткан 56 жаштагы А.Жаныбек жолду кесип өтүүгө аракет кылган жөө жүрүүчүнү сүзүп алган. Кырсыктан 2008-жылы туулган Ж.Эржан окуя болгон жерден көз жумду. Факт боюнча экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

абайлашы керек да.
Жайы жаннатта болсун.