№50-СИЗОдон качкан кылмышкер Эдил Абдрахмановдун бутуна бүгүн операция жасалат



№50-СИЗОдон качкандардын арасынан жалгыз тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна бүгүн, 22-январда операция жасалат. Жасалуучу операциянын чыгымдарын Кызыл Крест Эл аралык комитети төлөп берүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Александр Никсдорф билдирди.
Айта кетсек, №50-СИЗОдон качып чыккандан кийин аны кармоо учурунда ок атышуу болуп, Абдрахмановдун санынын сөөгү сынган. Аны караган дарыгер көп каражат талап кылуучу операция керек экенин айткан. Жаза аткаруу кызматы Кызыл Крест Эл аралык комитетине кайрылып, уюмдун башчысы Стефан Жакье Абдрахмановдун абалы менен таанышып, операциянын чыгымдарын төлөп берүүгө макулдугун берген. Буга чейин Э.Абдрахманов №47-колониянын ооруканасында дарыланып жаткан.

Образы коркунучтуу болуп калды.
Мисалы доктур же мугалим Эдил Абдрахманов дегенде жакшы эле көрүнмөк. Негизи жүзү жылуу эле бала экен.
Ок атышуу болуп деп жазылыптыр, бирок Эдилдин колундагы оюнчук пистолет экен го ?
Кылмышкер болсо эле, дарылабай коюш болбойт.
Провокация жаратуучу билдирүү жазуудан алыс болуңуз!
факт ! N-50 СИЗОнун башчысынын табышмактуу олуму, "кылмышкерлерди" кармоо учурундагы атышуу, "оюнчук" пистолет менен жана башка коптогон табышмактуу нерселер.....
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коёбуз, рахмат!