Тукум кууй турган тери оорусуна кабылып, жүзүн жара басып кеткен Бахтияр Түркияда көз жумду

"Супер-Инфо" гезити №550-санында тукум кууй турган, чанда кезикчү тери оорусуна кабылган Бахтияр аттуу балага жардам керектигин жазган эле. Интернеттеги социалдык тармактарда Бахтиярдын абалына кайдыгер карабаган колдонуучулар анын дарылануусуна акча которуп жатышкан. Оор тагдырга туш болсо да күрөштү токтотпогон бала "чоңойгондо боксчу болгум келет" деген тилегин "СуперТВга" чыккан видеоматериалда да белгилеп өткөн эле.
Узакка созулган илдеттен Тынчтыкбек уулу Бахтияр Түркияда 21-январда көз жумду. Ага дарыгерлер "пигменттик ксеродерма" деген диагноз коюшкан эле. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн акча чогултулуп жатат. Бул тууралуу журналист Жылдыз Осмонова интернеттеги өздүк баракчасына жазды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:28
2025-07-03

9:37
2025-07-03
Рейтинг:
0

Бул комментарийлер бир жыл мурун жазылган экенда
Жаткан жери жайлуу болсун!
Апасына сабыр берсин Кудайым