super.kg logo

"Мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелген Руслан Түмөнбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди

 

"Мас абалында МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркуткан" деп шектелген Руслан Түмөнбаев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-январдан 21-январга караган түнү жүргүзүлгөн рейддин алкагында А.Токомбаев көчөсүнөн Лексус 330 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны Р.Түмөнбаев башкарып жүргөн. Анын документтерин сураганда тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Унаа айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Көп өтпөй Р.Түмөнбаев А.Токомбаев көчөсүндөгү блокпостко кайтып келип, МАИ кызматкерлерин тапанча менен коркута баштаган. Спортчуну Республикалык наркологиялык борборго алып келишкенде анын мас абалда экени аныкталган. Ал эми "Стример" үлгүсүндөгү тапанчанын сериялык номуру өчүрүлгөнү жана анын эч кандай документтери жок экени белгилүү болгон.

Факт боюнча "ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү" жана "бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Иликтөө иштери улантылууда.






Руслан Түмөнбаев мушташып кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(43)
22.01.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Руслан биз сени менен
22.01.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Patriot...kg,спортчу катары аны сыйлайбыз, бирок ичип алып айдаган анан коркуткан мыйзамга да эркекчилике да туура келбеген иш
22.01.2016. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ий адам баласы дуйного келгенде созсуз билбей ката кетирет бирок ката кетиргенден кийин жазасы болотта.кудай деп жургуло
22.01.2016. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Биздин спортсмендер спиртсмен болуп кеттиби
22.01.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Бул жигит Кыргызстандын желегин которгон Олимпиадада! Эми ушунча спорттко салымын кошкон адамды минтип каралап,видеосун интернеттке не зачем было выкладавать, Ачуу кандуулукка алдырыптыр,скем не бывает мындай корунуш?! ДПС аман болсун вообще жоюш керек буларды! "Курица не птица, гаи не милиция"
Meka_ademi түзөттү 2016-01-22 11:19:10
22.01.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Meka_ademi,бул желекти которгон деп эчтеке дебей коюш керекпи баарын бирдей караш керек ойлонуп жазчы жазсан даагы
22.01.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Meka_ademi, желек которгондорго озунчо закон чыгпрышсын анда.
22.01.2016. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
чемпион болсо эле ушундай жоруктарды жасаш керекпи без документ жургону аз келгенсип тапанча такап,,,(((
22.01.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mikinookat,ой балам ушул мастын созуно да ишенесинби?айткамын Русланга уурдалган машинени мас абалда айдап чыкба деп,эми пистолет менен Гаи лерди коркутуптур да,ал пистолет да уурдалган.
22.01.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai3,Сиз кайдан билесиз урдалганын?
Модератор admin_portal түзөттү 2016-01-25 15:03:50
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: