Өткөн сутка ичинде өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталып, Ысык-Ата районундагы үйлөрдүн биринин чатыры күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 1, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Ысык-Ата районуна караштуу 1-Май айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда аянты 24 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган турак үйдүн чатыры күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.