"Республика - Ата Журт" фракциясы эмне үчүн Нурбек Алимбековду вице-спикерликтен түшүрүү керектигин жарыялады
Жогорку Кеңештин "Республика - Ата Журт" фракциясынын 22-январдагы жыйынында төраганын орун басары Нурбек Алимбековду кызматтан түшүрүү маселесин карап жатат.
Депутат Мирлан Жээнчороевдин айтымында, 20-21-январь күндөрү төрага Асылбек Жээнбековдун ыйгарым укуктарын аткарып жаткан Н.Алимбеков Жогорку Кеңештин регламентинин бир нече беренелерин бузду. "Аталган күндөрү Алимбеков "Кыргызстан" фракциясынын өкүлү экенин белгилеп, ушул эле фракциянын кызыкчылыгын коргогонун айткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын мандаттан ажыраган депутаттар боюнча маалыматын угуу маселеси күн тартибине киргизилген, бирок улам-улам каралбай кала берген. Ал парламенттин жыйындарында фракцияларга бирдей шарт түзбөй койду",- деди Жээнчороев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

