super.kg logo
  Спорт  

Машыктыруучу Мирлан Эшенов: "Казак футболчуларына каршы беттеш биз пландагандай болгон жок"

 

Кечээ, 21-январда "Шериктештик Кубогу-2016" мелдешинин тайпалык баскычы жыйынтыкталды. Жыйынтыктоочу 3-турда кыргыз футболчулары Казакстан жаштар курамасына каршы туруп, 2:2 эсебинде тең ойношту. Бул тең чыгууда эки команда эсептерине бирден упай жазышты. Жыйынтыгында 4 упайга ээ болгон Кыргыз Республикасынын командасы тайпадан чыгып, 3-орун үчүн ойноого мүмкүнчүлүк алды.

Беттеште кыргыз футболчулары негизги убакытка 3 мүнөт кошулганда гол киргизип, эсепти теңешти. Беттеш тууралуу команданын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов төмөнкүлөрдү айтты:

"Атаандаш күчтүү экенин билгенбиз. Оюн кыйын болду. Казак футболчулары оноо калганына карабай алдыга умтулуп, гол киргизгенге жетишишти. Биздин оюн ойлогондой болгон жок. Биз топко ээлик кылууга аракет кылганыбыз менен, гол жаратууга мүмкүнчүлүктөрдү аз түзүп жаттык".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
22.01.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Коч барып барып тузолот. Топ тепкилеп, гол киргизип торолгон ким бар экен, жеништин тамыры чыдамкайлыкта. Алга Кыргызым! Бир убакта биз дагы алтын медальды жууп калаарбыз. Ага чейин колону барктап, бапестеп тууралы. Туурабы туугандар.
22.01.2016. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
22.01.2016. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура.2015-жылы 12 команданын ичинен 6 орунду алганбыз.2016-жыл эми 8 команданын ичинен 3-орунду алалы.
22.01.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чабуулчулардын бирөөсүнө эркиндик бериш керек, түз катуу сокку тебе турганына. пастар ошол аркылуу болсо, баарибир бир лидер керек да ушундайда өсөтүрүш керек Мирлан Эшен!
22.01.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
make2,сенде тренерликке шыгын барго дейм.Бир футбол клубтун тренери болсон болмок экен же ФИФАнын судьясыбы.?..
22.01.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
алдыга жыла бергилее
22.01.2016. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Учунчу орун учун ойноо биз учун жакшы жетишкендик. Бир гана биздин дарбазачыны катуу машыктыруу керек окшойт.
22.01.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындыгында биздин жаштар курамасында бир мотор жоктой сезилет ес бири туз катуу тепкенин корбодум уч оюнда ошон учун бир еки ошондой игрок болсо бир катуу гол менен бир гол уруп койсо болот, биздикилер жакшы еле кыска пастар менен барат дарбазага тебеерде топтору аран жетет дарбазага же кыйшык кетип жатты
23.01.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантсе да, Кыргыз футболчулугу өнүгүү жолуна түшкөнү чын...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: