Борбор калаада жол кырсыгы катталып, айдоочу ички органдарынан катуу жаракат алды
Борбор калаадагы Ак-Өргөө конушунда жол кырсыгы катталып, айдоочу ички органдарынан катуу жаракат алып ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 23:48 чамасында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ашар көчөсү менен түштүк багытта кетип бараткан. Арабаев көчөсүнүн кесилишинен ал туура эмес ылдамдыкты тандагандан улам Фольскваген-Жетта үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Натыйжада Фольскваген-Жетта унаасынын айдоочусунун ички органдары жабыркаган. Тиешелүү экспертизадан кийин жабырлануучу мас абалда экени аныкталган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Inna_91

22.01.2016. 16:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Этият болуп айдаш керекда азыр жолдор тайгалак муз сакайп кетсин кудай шпасын берсин оомин
Inna_91

22.01.2016. 16:37
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракты тогуп салышкан эле кайдан ичип алыптыр
koshnazar

22.01.2016. 19:25
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах шыфа берсин
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.